> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөгө мыйзамсыз киргизилген 15,7 кг зер буюмдары аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/24/olkogo-myizamsyz-kirgizilgen-15-7-kg-zer-buiumdary-anyktaldy/
- Published: 2026-11-24T06:32:38.000Z
- Updated: 2026-11-24T06:32:38.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Экономика

**Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан жана Кытайдан келген чарбалык товарлардын эки партиясынан декларацияланбаган 15 кг 727 грамм зер буюмдары табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактылары "Түндүк" темир жол бажысынын "Темир жол Бекети" бажылык тариздөө жайында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган. 

Тактап айтканда, Дубайдан келген **1 391 кг** чарбалык товарды текшерүүдө **925-пробадагы** күмүштөн жасалган **3,3 кг зер буюмдары** \- шакектер, сөйкөлөр жана чынжырчалар табылган.

Ал эми Кытайдан келген **13 050 кг товарды** кароодо дагы **12 кг 427 грамм декларацияланбаган зер буюмдары** аныкталган.

Эки учурда тең зер буюмдарынын алуучусу бир жаран экени белгилүү болгон.

Аталган фактылар боюнча материалдар Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген ****2 млн 208 миң 695 сомдук** зыян толугу менен өндүрүлгөн.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/923707004_2136485510407412_4297418335520771823_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/927345209_1509486001044159_8008285087067217902_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/927440009_1397795049097379_1415628961938700159_n.png.jpeg)