> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров: "Экономикабыз өнүгүү жолуна түштү"
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/24/sadyr-zhaparov-ekonomikabyz-onuguu-zholuna-tushtu/
- Published: 2026-11-24T03:53:03.000Z
- Updated: 2026-11-24T03:53:02.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ өткөн республикалык кеңешмеде өткөн 5 жыл ичинде жигердүү иштер аткарылганын билдирди.**

Президент бул аралыкта мамлекеттик институттарды калыбына келтирүүдө, экономикалык өнүгүүнүн бекем пайдубалын түптөөдө жана социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында масташбдуу өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

> "Экономикабыз өнүгүү жолуна түштү. "Кумтөр" кенин мамлекет өзү иштете баштады. Салык, бажы тармагындагы мыйзамсыз аракеттер токтотулду. *Кон*солидацияланган бюджеттин көлөмү **1 трлн 347 млрд** сомду түздү. Жумушсуздукту жоюу жаатында бир топ социалдык жана өнөр жай объекттери ачылууда жана пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлүүдө", - деди мамлекет башчы.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**