> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экспортко чыгарылуучу айыл чарба продукцияларына фитосанитардык сертификат берүү тартиби өзгөрөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/25/eksportko-chygaryluuchu-aiyl-charba-produktsiialaryna-fitosanitardyk-sertifikat-beruu-tartibi-ozgorot/
- Published: 2026-11-25T05:30:00.000Z
- Updated: 2026-11-25T05:29:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда экспортко чыгарылуучу айыл чарба продукцияларына фитосанитардык сертификат берүү тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, 10-декабрдан тартып "Ак-Тилек", "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" товарларды эсепке алуу пункттарында фитосанитардык сертификаттарды берүү токтотулмакчы. Мындан ары экспорттоочулар фитосанитардык сертификаттарды Бишкек шаарындагы "БишкекТрансСервис" логистикалык борборунан ала алышат. Бул жерде тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, документтер күнү-түнү таризделет.

> "Бул өзгөртүү экспортко чыгарылган продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу, фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн эскертүүлөрдүн санын азайтуу максатында киргизилүүдө", - деп айтылат түшүндүрмөдө.  

Министрлик ошол эле учурда "Ак-Тилек", "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" пункттарында чет өлкөдөн Кыргызстанга ташылып келинген продукцияга карата карантиндик фитосанитардык көзөмөл мурдагыдай эле улантыла берерин кошумчалады.