> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук агенттик Гонконгдун  Guosen Securities компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/25/uluttuk-agenttik-gonkongdun-guosen-securities-kompaniiasy-menen-kyzmattashuu-zhonundo-memorandumga-kol-koidu/
- Published: 2026-11-25T06:17:34.000Z
- Updated: 2026-11-25T06:17:33.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Экономика

**25-ноябрда инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Гонконгдун Guosen Securities (HK) Brokerage Company, Limited финансылык компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдирди.** 

Меморандумдун алкагында тараптар Кыргызстандын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана каржылоо каражаттарын тартуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну көздөшүүдө.

Меморандум инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасына эл аралык капиталды тартууга, ошондой эле келечектүү инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн заманбап финансылык инструменттерди пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга багытталган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**