Энергетика министри кытайлык Goldwind Science компаниясы менен жолугушту

Бүгүн, 2023-жылдын 24-октябрында энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Goldwind Science Technology Co., Ltd кытайлык компаниясынын өкүлдөрү министрлик менен компаниянын ортосунда стратегиялык кызматташуу боюнча алкактык келишимге жана конфиденциалдуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоо келишимине кол коюу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Аталган иш чара 2023-жылдын 24-27-октябрында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында болуп өттү.

Кытай тараптан келген делегаттар Кыргызстан менен кызматташууга кызыктар экенин жана күн-шамалдан электр энергиясын өнүдүрүүчү станцияларды курууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Ал үчүн алдын-ала экологияга иликтөө иштерин жүргүзүү керектигин, ага бир аз убакыт талап кылынаарын билдиришти. Ошондой эле Кыргызстан менен болгон кызматташтык терендээрин жана долбоорлор ишке ашса, жакшы жыйынтык берээрин баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, эртең Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика жана көмүр тармагында кызматташуу максатында бир катар документтерге кол коюлат.