Кыргызстан менен Кытай энергетиканы өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол койду

Кыргызстан менен Кытай энергетиканы өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол койду

2023-жылдын 25-октябрында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы кызматташтыкты терендетүү жана биргелешип долбоорлорду ишке ашыруу максатында бир катар документтерге кол койду. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Тараптар төмөнкү документтерге кол койду:

• «Кызматташтык жөнүндө» Алкактык макулдашууга кол коюлду. Бул макулдашуунун максаты КР ЭМ менен Молин Энерджи компаниясынын ортосунда кубаттуулугу 400 МВт энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу болуп саналат. Тараптар «Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кара-Талаа участкасында жалпы кубаттуулугу 400 МВт болгон күн электр станцияларын куруу» долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти. Ибраев менен Молин Энержи Компани Лимитед (Molin Energy Company Limited) компаниясынын президенти Ян Мэн кол койду. Алдын ала инвестициянын көлөмүн Кытай тарап аныктаарын белгилейбиз.

• Энергетика министрлиги жана кытайлык «Голд Винд Сайэнс энд Техноложи Ко, Лтд» (Goldwind Science & Technology Co., Ltd) компаниясынын ортосундагы «Стратегиялык кызматташтык жөнүндө» Алкактык макулдашууга кол коюлду. Макулдашуунун максаты Кыргызстанда пайдаланылбай жаткан жерлердин чоң аянтын, шамалдан жана күндүн энергиясынан электр энергиясын өндүрүүнү туура пайдалануу болуп эсептелет. Бул келишим 2023-жылдын 19 августунда КЭР СУАРда кол коюлган Өз ара түшүнүү Меморандумдун негизинде мындан ары кызматташууну улантуу максатында жана жашыруун маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө макулдашууга кол койгон. Инвестициялардын жалпы көлөмү техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуунун негизинде аныкталат. Макулдашууга энергетика Министри Ибраев жана Goldwind Science & Technology Co., Ltd компаниясынын Ыйгарым укуктуу өкүлү Вэнг Хей (Wang Hai) кол койду.

Эки тараптын кызматташтыгынын күчтүү базалык шарттары жана кеңири өнүгүү перспективалары бар жана алар утушка алып келери шексиз. Инвестициянын көлөмү техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуунун негизинде аныкталаары белгилүү болду.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун