Кытайлык ишканалар “Тегене” жана “Торугарт” көмүр кендерин иштетүүгөө жардам берет

“Кыргызкөмүр” МИ менен Кытайдын ишканалары менен көмүр тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү жана биргелешип долбоорлорду ишке ашыруу максатында бир катар документтерге кол койду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Такталгандай, төмөнкү документтерге кол коюлду:

• «Тегене» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Горная инженерия Лун» ЖЧК -(Hebei Jinsheng MINING ENGINEERING Co Ltd бул КЭРдеги компания) компаниясы ортосундагы биргелешип көмүр казууга болгон келишими. «Тегене» көмүр кени Таш-Көмүрдөн 35 км алыстыкта жайгашкан. Бул «Тегене» участогунун баланстык запасында 47(млн) тонна таш көмүр бар. Аны казып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биргелешкен иш-чаралар аймактын экономикалык өсүшүнө абдан жагымдуу таасирин тийгизет. Бул тоо-кен тармагында гана эмес, кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

• «Торугарт» көмүр кендерин биргелешип иштетүү боюнча Кыргызкөмүр МИ менен «Дунг Сын Эл аралык энергетикалык-соода компания» ЖЧКсы (Shunbaufu Trade and export Trade Corporation КЭРдеги компания) биргелешип көмүр кенин чалгындогоо болгон келишими. Көмүр кени чек ара зонасында жайгашкандыктан көмүрдү КЭРге экспорттоо үчүн келечектүү багыт болуп саналат. «Торугарт» көмүр кенин ишетүүнүн максаты, көмүр кен мурда толук кандуу изилденбегендиктен, жаңы көмүр участокторун аныктоо, жаңыча заманбап геологиялык чалгындоо ыкмаларын, техникаларын колдонуу менен көмүрдүн запасын толук кандуу аныктап, көлүмдүү көмүрдүү казуу болуп саналат.

• «Сүлүктү талаа – 11» көмүр кенин иштетүү жөнүндө Кыргызкөмүр МИ менен –«Томирис-Кен» ЖЧКсынын ортосундагы биргелешип көмүр казууга болгон келишими;

• «Эркештам» кыргыз-кытай автомобиль чек арасына ленталык конвейери менен көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча Кыргызкөмүр МИ менен «Синьцзяндагы Дачэнлунюань энергетикалык» ЖЧК (Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., LTD) компаниясынын ортосундагы биргелегип иштешүү келишими.