Энергетика министри Нарындагы электр станциялардын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарынга иш сапары менен барып, курулуп жаткан Куланак ГЭСинде, Нарын электр тармактар ишканасында жана Ат-Башы ГЭСинде болуп, тийиштүү жетекчилерге алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Министр алгач Куланак ГЭСтин жетекчиси Мурзабаев К.С. менен биргеликте, курулуп жаткан Куланак ГЭСтин ишмердүүлүгү менен таанышты. Аны менен катар тиешелүү адистерге курулуш иштерин тездетүүнү жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды. Мурзабаев К.С. Куланак ГЭСтин каржылоо маселеси чечилгенине токтолду.

Учурда Куланак ГЭСти куруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Андан тышкары министр Таалайбек Ибраев Ат-Башы ГЭСнин күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен таанышты. Күз-кыш мезгилине даярдыктар көрүлгөн гидроагрегаттардын Г-3, Г-4, электр жабдууларынын иштешин текшерип, өндүрүштүк имараттардын жылуулук системасынын даярдыгын жана жыл ичиндеги аткарылган ремонттук иштер менен таанышты. Ошондой эле министр кыш мезгилине 4 агрегаттын даяр экенине күбө болду.

Ат-Башы ГЭСнин жылдык ондоо графиги боюнча куз-кыш мезгилине даярдыктар толугу менен аткарылды.

Министр тийиштүү жетекчилерге Электр станциялар ААКнын объектилери күз-кыш мезгилине өз убагында даяр болуш керек экенин баса белгиледи.