Энергетика министрлиги кореялык компания менен меморандумга кол коюлду

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кореялык Starkoff Co. Ltd. Компаниясы менен меморандумга кол койду. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Тараптар энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелерди талкуулашты. Электр энергиясын иштеп чыккандан баштап керектөөчүгө жеткиргенге чейин эсепке алуудагы артыкчылыкты, кыргыз-корея мамилелерин, энергетикалык тармакта маалымат технологияларын колдонуу жана өнүктүрүүнүн пландары туурасында пикир алышты.

Андан тышкары, Энергетика министрлиги менен Корея Республикасынын «Starkoff Co. Ltd.» компаниясынын ортосунда Корея менен Кыргызстандын алакасынын энергетика тармагында өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында Меморандумга кол коюлду. Меморандумга Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «Starkoff Co. Ltd.» компаниясынын Президенти Ан Таехо кол койду.

«Starkoff Co. Ltd.» компаниясы 2013-жылда негизделип, электр энергетикасында IТ-технологиясын санариптештирүү жана инновациялык интеллекттин негизинде электр энергиясына болгон керектөөнү визуалдаштыруу жана талдоонун системасын иштеп чыккан.

«Starkoff Co. Ltd.» Кореянын мамлекеттик электр энергетикалык KEPCO компаниясынын ишенимдүү өнөктөшү болуп, ири масштабдуу MDMS үчүн жасалма интеллектти колдонуу менен электр энергиясына болгон талапты изилдөөдө адистешкен. Кореядагы 20 000ден ашуун электр заряддоочу станцияларга ээлик кылган электромобилдерди заряддоо кызматтарын көрсөткөн эң ири компаниялардын бири болуп эсептелет.