Камбар-Ата-1 ГЭСин Казакстан, Өзбекстан менен чогуу куруу КРнын суу-энергетикалык ресурстарына коркунуч жаратат — эксперт

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Economist.kg басылмасына курган маегинде Камбар-Ата-1 ГЭСин Казакстан жана Өзбекстан менен чогуу куруу КРнын суу-энергетикалык ресурстарынын бир бөлүгүнө көзөмөлдү жоготуп каюу коркунучун жаратаарын билдирди.

Эксперт Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунда Өзбекстан жана Казакстан менен болгон меморандумга каршы экенин айтты.

"Меморандумга ылайык, мамлекеттер долбоорго катышса Өзбекстанга — 33% акция, Казакстанга — 33%, Кыргызстанга — 34%ы тиешелүү болуп бөлүнөт. Бул элге жана мамлекетке каршы чечим деп эсептейм», — деди Умбеталиев.

Ал белгилегендей, коңшу мамлекеттер жайкысын Кыргызстандан сугат суу жана арзан электр энергиясын алууга кызыкдар. Умбеталиев Өзбекстандын кызыкчылыгын өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, Ооганстан Пандж дарыясын түштүккө буруп, эки канал куруп жатат. Ошентип Өзбекстанга сугат суунун агымы эки-үч эсеге азаят.

"Казакстан менен Өзбекстан бириксе [Камбар-Ата-1ге] көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Башкача айтканда, алар биздин ресурстарды жана республиканын мүлкүн башкарат. Ошондуктан мен мындай чечимге каршымын", — деп түшүндүрдү ал.
КРда электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү энергетика тармагынын абалына эч кандай деле таасир эткен жок – эксперт
Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Economist.kg басылмасына курган маегинде электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшү анчалык деле жыйынтык бербегенин айтты. Эксперт акыркы жылдары өкмөт электр энергиясына болгон тарифти көтөрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Бул кирешени к…