Чүй каналында чакан ГЭС орнотулду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында биринчи айланма Чүй каналында (АЧК-1) чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысына 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин иши көрсөтүлдү.

«Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү толугу менен колдойбуз», - деди Акылбек Жапаров.