> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасы кышка даяр
- URL: https://im.kg/energetika/2023/11/23/suluktu-raionduk-eliektr-tarmaktar-ishkanasy-kyshka-daiar/
- Published: 2023-11-23T11:40:24.000Z
- Updated: 2023-11-23T11:40:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика, #Import 2025-07-22 12:57

Сүлүктү райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлери күз-кыш айларына даярдыктын алкагында 2023-жылдын башынан бери 309 км чакырым аба чубалгыларын тартып, 84 даана көмөк чордондорду оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Мындан сырткары капиталдык курулуштун планынын негизинде эки айылга кошумча 2 даана көмөк чордон орнотулуп, 1.5км 6кв, 1 км 0.4кв аба-чубалгылары тартуу иштери аткарылды.

 «Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги» (АРИС) тарабынан САSА-1000 долбоору каржылаган инвестициялык пландын алкагында 2 даана көмөк чордон орнотулуп,1,5 км 6кВ, 1,5км 0,4кВ аба-чубалгылары тартылды.

Ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн узундугу 92,5 чакырым аба чубалгыларынын трассасын бойлото бутактарды кыюу жана бак-дарактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Реконструкция жумуштары боюнча 11.7 чакырым 0,4 кВ аба-чубалгы жаңыланып, жалпы Сүлүктү РЭТи боюнча эскилиги жеткен 380 жыгач мамычалар жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырылды.

Жогоруда аталган иштер кардарларга сапаттуу электр жарыгын берип, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга багытталган.