Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасы кышка даяр

Сүлүктү райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлери күз-кыш айларына даярдыктын  алкагында 2023-жылдын башынан бери 309 км чакырым аба чубалгыларын тартып, 84 даана көмөк чордондорду оңдоп-түзөөдөн  өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Мындан сырткары капиталдык курулуштун планынын негизинде эки  айылга кошумча  2 даана көмөк чордон орнотулуп, 1.5км 6кв, 1 км 0.4кв  аба-чубалгылары тартуу иштери аткарылды.

 «Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги» (АРИС) тарабынан САSА-1000 долбоору  каржылаган инвестициялык пландын алкагында 2 даана көмөк чордон орнотулуп,1,5 км 6кВ, 1,5км 0,4кВ аба-чубалгылары тартылды.

Ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн узундугу 92,5 чакырым  аба  чубалгыларынын трассасын бойлото бутактарды кыюу жана бак-дарактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Реконструкция жумуштары боюнча 11.7  чакырым 0,4 кВ аба-чубалгы  жаңыланып, жалпы Сүлүктү РЭТи боюнча эскилиги жеткен 380 жыгач мамычалар жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырылды.

Жогоруда аталган иштер кардарларга сапаттуу электр жарыгын берип, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга багытталган.