> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жакынкы жылдары 7 миң МВттык ири долбоорлор ишке ашат – минкабдын убадасы
- URL: https://im.kg/energetika/2023/11/24/zhakynky-zhyldary-7-min-mvttyk-iri-dolboorlor-ishkie-ashat-minkabdyn-ubadasy/
- Published: 2023-11-24T07:25:14.000Z
- Updated: 2023-11-24T07:25:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика, #Import 2025-07-22 12:57

**2024-жылы энергетика тармагына 74.9 млрд сом бөлүнөт. Анын ичинде энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 55,8 млрд сом каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖКнын жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бүт өлкө боюнча канча энергия өндүрүлүп жатканы онлайн режимде көрө алабыз. Жакын арада керектөөнүн көлөмү да дал ушундай санарипке түшүрүлөт.

> «Жакынкы жылдары 7 миң МВттык ири долбоорлор ишке ашат: Токтогул, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭСтеринде өндүрүү кескин көбөйөт. Казарман, Чаткал, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз каскаддары курулат. Куланак ГЭСи ишке кирет, 30дан ашык чакан ГЭС иштей баштайт. Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу үчүн Дүйнөлүк банк менен макулдашууга кол коюштук. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынан: шамал, күн станциялары да курулат. Газдаштыруу иштери жүрүп жатат. Бишкектин экология маселеси жакынкы жылдары чечилет», - деди Акылбек Жапаров. 

Министрлер Кабинетинин башчысы тоо-кен тармагына да токтолуп, тоо-кен тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги өзгөчөлүгү Кыргызстандын жер казынасын геологиялык изилдөөгө каражат бөлүү экенин белгиледи. 2024-жылы бул максаттарга 1 млрд сом каралган.

> «Албетте, тоо-кен тармагындагы чоң жеңиш – Кумтөр. Азыр Кумтөр элдин үмүтүн актап жатат. Жалпы тоо-кен тармагы 2020-жылы 18,2 млрд сом киреше берсе, 2022-жылы 48,4 млрд сом киреше берди, бул 2,5 эсеге көп. Бардык кендерде 90%дан ашыгы кыргыз жарандары иштейт», - деди Акылбек Жапаров.