Кыргызстан франциялык Électricité De France жана дубайлык Masdar менен меморандумга кол койду

2023-жылдын 2-декабрында Дубайда Энергетика министрлиги, Électricité De France (EDF) франция энергетикалык компаниясы жана БАЭнын мамлекеттик Abu Dhabi Future Energy Company Pjsc – Masdar компаниясынын ортосунда энергетика тармагы боюнча Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Бул меморандум Кыргызстандагы жалпы кубаттуулугу 3.6 ГВт болгон гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын долбоорлоруна инвестиция салуу жана энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кол коюлду.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өз сөзүндө энергетика тармагы боюнча инвесторлор менен кызматташууга жана Кыргызстандын электр энергиясын өнүдүрүүгө болгон потенциалына токтолуп өттү.