Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10.6 млрд куб метрди түздү

25-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 622 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” билдирди.

Такталгандай, суунун агып келиши секундасына 148 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 621 куб метрди түзүүдө.