Бала-Саруу ГЭСине кичи гидроагрегат орнотулду

Бала-Саруу ГЭСине 5 МВт кубаттуулугундагы кичи гидроагрегатты орнотуу иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу «Чакан ГЭС» ишканасы билдирди.

Мындан тышкары, ГЭС аймагында алгылыктуу иштер аткарылды:

·        ГЭСтин имараты курулуп,

·        110 кВ чыңалуусундагы элегаздык изоляциясы менен жабык бөлүштүрүүчү түзмөк монтаждалып,

·        жалпы кубаттулугу 32 000 кВА түзгөн эки күч трансформатор орнотулуп,

·        110 кВ чыңалуусундагы 6,7 чакырым узундуктагы "Бала-Саруу-Кара - Арча" жана "Бала-Саруу-Покровка” аба электр чубалгылары жана

·        360 метр узундуктагы басым түтүктөрү курулуп, пайдаланууга берүүгө даяр.

·        Ошондой эле, чыгуу каналын куруу иштери да соңуна чыкты.

Учурда адистер жабдууну ишке киргизүү боюнча жөндөө жумуштарын соңуна чыгарып, жабдууларды сыноодон өткөрүүдө.