> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Япония менен көмүрдү байытуу заводун курууну пландоодо
- URL: https://im.kg/energetika/2024/01/11/kyrghyzstan-iaponiia-mienien-komurdu-baiytuu-zavodun-kuruunu-plandoodo/
- Published: 2024-01-11T10:35:04.000Z
- Updated: 2024-01-11T10:35:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика министрлиги, "Кыргызстан-Кагошима" достук ассоциациясы жана япониялык Sento Group компаниясынын ортосунда көмүр тармагындагы кызматташтык жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюлду.**

Меморандумдун негизги максаты тараптар көмүр тармагында кызматташып, көмүр кендерин чалгындоо, казуу иштери, көмүрдү байытуу заводун куруу жана логистикалык борборду негиздөө болуп саналат. 

> Ошондой эле заманбап технологияларды колдонуу менен көмүр казууда жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.