Кыргызстан Япония менен көмүрдү байытуу заводун курууну пландоодо

Энергетика министрлиги, "Кыргызстан-Кагошима" достук ассоциациясы жана япониялык Sento Group компаниясынын ортосунда көмүр тармагындагы кызматташтык жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун негизги максаты тараптар көмүр тармагында кызматташып, көмүр кендерин чалгындоо, казуу иштери, көмүрдү байытуу заводун куруу жана логистикалык борборду негиздөө болуп саналат.

Ошондой эле заманбап технологияларды колдонуу менен көмүр казууда жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.