Энергетиктер Бала-Саруу ГЭСтин ачылышына даярданып жатышат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас облусунун Манас районундагы Киров cуу сактагычында курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСинин ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.

“Чакан ГЭС” ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Эмиль Мухамбетов аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, мерчемделген иштер өз маалында бүткөрүлгөндүгүн белгилеп, сунунун көлөмү көбөйсө, жакынкы арада  ишке берүүгө даяр экенине токтолду. Учурда:

•          ГЭСтин имараты курулуп,

•          110 кВ чыңалуусундагы элегаздык изоляциясы менен жабык бөлүштүрүүчү түзмөк монтаждалып,

•          жалпы кубаттулугу 32 000 кВА түзгөн эки күч трансформатор орнотулуп,

•          110 кВ чыңалуусундагы 6,7 чакырым узундуктагы "Бала-Саруу-Кара - Арча" жана "Бала-Саруу-Покровка” аба электр чубалгылары жана

•          360 метр узундуктагы басым түтүктөрү курулду.

 Өз учурунда Министр ГЭСтин ачылышына карата иштерди дыктаттык менен аткарылышын жана суунун көлөмү көбөйсө мерчемделген мөөнөттөн кечиктирилбей ГЭС ишке берилишин көзөмөлгө алууну талап кылды.  Тактап айтканда ГЭСтин айланасындагы майда барат жумуштарды ирээтке келтирүүнү тапшырды.

Эске салсак, Бала-Саруу ГЭСинин курулушу менен биз 25 МВт кубаттуулуктагы үч гидроагрегаттуу, жылына орточо эсеп менен 92 млн. кВт.саат электр энергиясын чыгарган станцияга ээ болобуз.