Кыргызстан япониялык Metarize Japan менен энергетика жаатында кызматташууда

2024-жылдын 15-январында Токиодогу КРнын элчилигинде Энергетика министрлиги менен япониялык Metarize Japan компаниясынын  ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө кол коюлган Меморандумду алмашуу аземи министр Таалайбек Ибраевдин видеоконфренция байланышы аркылуу катышуусу менен болуп өттү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Аталган документке 2023-жылдын 29-ноябрында Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Metarize Japan башкы директору Накамура Рёта кол коюшкан.

Аталган жолгушууда Metarize Japan негиздөөчүсү Андо Даичи пилоттук долбоорду баштоо үчүн ушул жылдын май айында КРна кубаттуулугу 3-5 киловатт саат болгон 10 гравитациялык генераторду жөнөтө турганын билдирди. 

Компания аталган жабдууларды чыгаруу үчүн Японияда эксклюзивдүү патент алган жана суу, күн, шамал жана жылуулук энергиясын колдонбостон суткасына 24 саат бою электр энергиясын иштеп чыгууну уланткан гравитациялык аппараттар келечекте Кыргызстандын энергетикалык абалына пайдалуу таасирин тийгизет деп ишенет.