> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министринин жаңы орун басары дайындалды
- URL: https://im.kg/energetika/2024/01/17/enierghietika-ministrinin-zhany-orun-basary-daiyndaldy-2/
- Published: 2024-01-17T05:10:16.000Z
- Updated: 2024-01-17T05:10:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика, #Import 2025-07-22 12:57

**Насипбек Керимов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Дайындалган министрдин орун басары Энергетика министрлигинин жалпы жамаатына тааныштырылды.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин энергетика тармагында 15 жыл эмгектенип, кийин президенттин жана минкабдын чечимдерди даярдоо боюнча чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматында Отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай блогун жетектеген.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/photo_5276304277767313688_y.jpg)