Энергетика министринин жаңы орун басары дайындалды

Насипбек Керимов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Дайындалган министрдин орун басары Энергетика министрлигинин жалпы жамаатына тааныштырылды.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин энергетика тармагында 15 жыл эмгектенип, кийин президенттин жана минкабдын чечимдерди даярдоо боюнча чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматында Отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай блогун жетектеген.