Энергетика министри Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын иши менен таанышты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын, Таш-Көмүр РЭТинин аткарып жаткан иштери жана Базар-Коргон шаарында жайгашкан темир-бетон чыгаруучу цехтин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Алгач министр Ибраев Жалал-Абад ЭТИнин электр энергиясын сатуу ишканасынын жаңы курулган имараты менен таанышып, кызматкерлер менен жолугушту. Министр Т.Ибраев өз сөзүндө жумушчуларга жоопкерчилик жүктөлгөндүктөн, аларга жетиштүү шарт түзүп берүү керектигин белгиледи. Мындан тышкары ишканага бир топ техникалар сатып алынып, электр жабдууларды алмаштыруу менен авариялык өчүүлөр кыскаргандыгын кошумчалады.

Иш сапардын алкагында Базар-Коргон шаарында жайгашкан темир-бетон, зым терек чыгаруучу цехтин ишмердүүлүгү менен да таанышты. Министр мындагы чыгарылган сапаттуу электр орноткучтары, мамычалар керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түзөөрүн айтты. Ошондой эле министр Базар-Коргон район электр тармагынын кеңсесинин учурдагы абалын текшерип, оңдоп түзөөгө муктаж чатырын быйылтан калбай алмаштырууну тиешелүү адистерге тапшырды.

Андан соң министр Ибраев Жалал-Абад РЭТинин ишмердүүлүгү менен да таанышты. Анда жаңы ачылган окуу классты, электр шаймандары турчу кампаларды, диспетчердик бөлмөнү карап чыгып, ар бир адис техникалык коопсуздук боюнча окуудан өтүүсү керектигин белгилеп, айрым кемчиликтерди жоюп, кызматкерлерге шарт түзүүнү тапшырма берди. Буга улай эле Сузак район электр тармактарын да карап чыгып, 2023-жылы аткарган иштерине баа берди.

Эки күндүк иш сапарында энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине жыйын өтүп, анда 2023-жылдагы аткарган ишмердүүлүгүнө жогорку баа берип, 2024-жылда дагы мерчемделген пландарды жогорку аткаруусун тапшырма кылды.