> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош электр тармактар ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды
- URL: https://im.kg/energetika/2024/01/23/osh-eliektr-tarmaktar-ishkanasyna-zhany-ataiyn-tiekhnikalar-tapshyryldy/
- Published: 2024-01-23T12:35:41.000Z
- Updated: 2024-01-23T12:35:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош электр тармактар ишканасынын Ош райондук электр тармактары, Ноокат райондук электр тармактары, Өзгөн райондук электр тармактары жана курулуш монтаждоо бөлүмүнө 3 кран манипулятор жана 2 жүк жүктөөчү экскаватор тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

Ишкананын директору Эмилбек Ысманов техникаларды тапшырып жатып, өз сөзүндө жакшы шарттар түзүлүп, тейлөөнүн сапаты да жогорулаганын баса белгиледи.

Ошондой эле ал «Алынган техникалар күз-кыш мезгилине өз убагында даярданууга өбөлгө түзүп, электр энергиясы менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат», – деп кошумчалады.

Жалпысынан 3 кран манипулятор жана 2 жүк жүктөөчү экскаватор «Кыргызстан УЭТ» ААКтын эсебинен алынды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/421832112_376988438259471_702089465183746507_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/421899209_376988428259472_5925363399921833618_n.jpg)