Ош электр тармактар ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

Ош электр тармактар ишканасынын Ош райондук электр тармактары, Ноокат райондук электр тармактары, Өзгөн райондук электр тармактары жана курулуш монтаждоо бөлүмүнө 3 кран манипулятор жана 2 жүк жүктөөчү экскаватор тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Ишкананын директору Эмилбек Ысманов техникаларды тапшырып жатып, өз сөзүндө жакшы шарттар түзүлүп, тейлөөнүн сапаты да жогорулаганын баса белгиледи.

Ошондой эле ал «Алынган техникалар күз-кыш мезгилине өз убагында даярданууга өбөлгө түзүп, электр энергиясы менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат», – деп кошумчалады.

Жалпысынан 3 кран манипулятор жана 2 жүк жүктөөчү экскаватор «Кыргызстан УЭТ» ААКтын эсебинен алынды.