> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайлык CNEEC Суусасыр-Көкөмерен ГЭСинин каскадын курууга жардам берет
- URL: https://im.kg/energetika/2024/01/25/kytailyk-cneec-suusasyr-kokomierien-gesinin-kaskadyn-kuruugha-zhardam-bieriet/
- Published: 2024-01-25T09:45:13.000Z
- Updated: 2024-01-25T09:45:12.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика, #Import 2025-07-22 12:57

**2024-жылдын 24-январында Энергетика министрлиги менен кытайлык China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) компаниясы ортосунда энергетика жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрлик билдирди.**

Меморандумдун негизги максаты – Суусасыр-Көкөмерен ГЭСинин каскады менен Кара-Кече жылуулук станциясынын курулуш иштерине багытталган.

Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады жалпы үч гидроэлектро станциядан турат. Жалпы кубаттуулугу 1305 МВт. Бир жыл ичинде болжолду 3,3 млрд киловат-саат өндүрүлөт:

· Каракөл ГЭС – 33 МВт;

· Көкөмерен ГЭС-1 – 360 МВт;

· Көкөмерен ГЭС-2 – 912 МВт.

Ал эми жалпы 600 МВт кубаттуулугу бар Кара-Кече жылуулук станциясы Нарын облусунун Жумгал районуна курулат.

China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) – компаниясы күн, шамал, гидро станцияларын куруу жаатында жетиштүү тажрыйбага ээ. Компания алгач ишмердүүлүгүн баштаганда 1000 адам эмгектенип, бүгүнкү күндө кызматкердин саны 5000ге жеткен.