2024-жылы Кыргызстанда 19 чакан ГЭС ишке киргизилет

2024-жылы Кыргызстанда 19 чакан ГЭС ишке киргизилет. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Такталгандай, 2021-жылы 2 ЧГЭС (2.9 МВТ) ишке кирди, 2022-жылы: 2 ЧГЭС (4.45 МВТ), 2023-жылы: 5 ЧГЭС (6.7 МВТ), 5 күн электрстанциясы (430 КВт) ишке кирди.

2024-жылы мамлекеттик каражаттын эсебинен курулуп жаткан 25 МВт кубаттуулуктагы Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизүү жана ачылышын өткөрүү жакынкы арада пландалууда.

Эске салсак, 2020-жылга чейин болгону «Камбар Ата-2» ГЭСинин бир агрегатын гана ишке киргизген.