> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери улантылууда
- URL: https://im.kg/energetika/2024/01/30/ysyk-koldo-akylduu-esieptieghichtierdi-ornotuu-ishtieri-ulantyluuda/
- Published: 2024-01-30T06:20:50.000Z
- Updated: 2024-01-30T06:20:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көл облусунда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун экинчи этабы ишке кирип Балыкчыда, Түп жана Ак-Суу райондорунда кардарларга электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын(акылдуу эсептегичтер) орнотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

Учурда долбоордун экинчи этабынын алкагында 8 миңден ашык акылдуу эсептегичтер келип, алардын 5 703ү орнотулду. Анын ичинен Түп районуна 3 487, Балыкчы шаарына 1 100, Ак-Суу районуна 1 116 даана.

Мындан сырткары жыл аягына чейин Ысык-Көл облусунун баардык райондорунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери жигердүү журөт.

Акылдуу эсептегичтер:

• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;

• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоого жардам берет;

• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;

• чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;

• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат.

Энергетика тармагындагы мындай жаңылануу кадамдары эң алгач сарамжалдуулукту жана үнөмдөөнү камсыздап, кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/421854586_381017704523211_4627221191756867294_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/421861597_381017694523212_8600205600747896845_n-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/421919708_381017701189878_2676021530778099528_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/424595108_381017707856544_2613657641060258599_n.jpg)