Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери улантылууда

Ысык-Көл облусунда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун экинчи этабы ишке кирип Балыкчыда, Түп жана Ак-Суу райондорунда кардарларга электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын(акылдуу эсептегичтер) орнотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда долбоордун экинчи этабынын алкагында 8 миңден ашык акылдуу эсептегичтер келип, алардын 5 703ү орнотулду. Анын ичинен Түп районуна 3 487, Балыкчы шаарына 1 100, Ак-Суу районуна 1 116 даана.

Мындан сырткары жыл аягына чейин Ысык-Көл облусунун баардык райондорунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери жигердүү журөт.

Акылдуу эсептегичтер:

• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;

• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоого жардам берет;

• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;

• чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;

• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат.

Энергетика тармагындагы мындай жаңылануу кадамдары эң алгач сарамжалдуулукту жана үнөмдөөнү камсыздап, кардарларды тейлөөнүн сапатын  жогорулатууга  багытталган.