> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика секторуна 74 млрд сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/energetika/2024/02/05/enierghietika-siektoruna-74-mlrd-som-bolunot/
- Published: 2024-02-05T11:25:39.000Z
- Updated: 2024-02-05T11:25:38.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика тармагын жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн 2024-жылы 2023-жылга бөлүнгөн каражатка (33.2 млрд сом) салыштырмалуу 40.7 млрд сомго көбөйүү менен 74,0 млрд сом өлчөмүндө каражат каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

· «Электр станциялары» ААК жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө – 55.8 млрд сом;

· күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүгө – 7 млрд сом өлчөмүндө;

· бюджеттик кредиттерди бөлүүгө – 2.7 млрд сом;

· мамлекеттик инвестициялык программалардын алкагында 8.1 млрд сом суммасында, ошондой эле башка иш-чараларды ишке ашырууга каражат каралган.