Энергетика секторуна 74 млрд сом бөлүнөт

Энергетика тармагын жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн 2024-жылы 2023-жылга бөлүнгөн каражатка (33.2 млрд сом) салыштырмалуу 40.7 млрд сомго көбөйүү менен 74,0 млрд сом өлчөмүндө каражат каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

·      «Электр станциялары» ААК жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө – 55.8 млрд сом;

·      күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүгө – 7 млрд сом өлчөмүндө;

·      бюджеттик кредиттерди бөлүүгө – 2.7 млрд сом;

·      мамлекеттик инвестициялык программалардын алкагында 8.1 млрд сом суммасында, ошондой эле башка иш-чараларды ишке ашырууга каражат каралган.