«Альянс Алтын» жана «Росатом» 2024-жылы Жерүй ГЭСинин курулушун баштайт

«Росатом Кыргызстан» ААКсынын башкы директору Дмитрий Константинов «Жашыл энергетика. Энергия балансын оптималдаштыруу» сессиясында Кыргызстандагы энергиянын кайра жаралуучу долбоорлору тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2024-жылы Жерүй ГЭСин куруу боюнча «Альянс Алтын» жана «Росатом» ишканаларынын биргелешкен долбоору башталганын билдирди.

ГЭСтин кубаттуулугу 28 МВт саатка чейин жетет. Энергия өндүрүү үчүн колдонулган бардык суулар дарыяга кайтарылып, экологияга зыяны тийбейт.

Константинов Чандалаш дарыясында ГЭСти куруунун пландары тууралуу да айтып берди. Бул станциянын кубаттуулугу 30 МВт саатка жакын болот. Бул долбоор пландаштыруу стадиясында, аны «Росатом» жана «Эльбрус» курулуш компаниясы ишке ашырат.

Учурда «Росатом» долбоордун 50%ын каржылоого даяр, калган каражаттар кызыкдар кыргызстандык инвесторлор аркылуу тартылат.