Бишкектин ЖЭБи 280 МВт жүктөмдү активдүү көтөрүп жатат

Бишкек ЖЭБинин активдүү кубаттуулугу Бишкекжылуулуктармагына берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +56 градусту түзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Ал эми «Бишкекжылуулуктармагы» менен түзүлгөн абоненттик келишимге ылайык, үй-жайлардагы температура +18 түзөт.

Кээ бир жерлерде жылуулук толук кандуу жетпей жаткан болсо, келтирилген ынгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн бардык райондордо 14 бригада тынымсыз иштеп жатат. Ошондой эле бардык контролерлор да ишке тартылган. Бардык түшкон арыздар боюнча кызматкерлер тарабынан каралып, актылар түзүлүп жатат.

Бүгүнкү күнү ЖЭБдин жүктөмдүн активдүүгү акырындык менен жогорулайт.

Натыйжада берилген ысык суунун температурасы дагы жогорулайт.

Белгилей кетсек, Бишкек Жылуулук электр борборундагы жабдуулардын эскилиги жеткендигине байланыштуу кызматкерлер күнү-түнү жеринде болуп, жабдыктар бузулган учурда техникалык иштерди ыкчам жүргүзүүдө.

Жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу боюнча авария же суроолор болсо, бул жерге жазыңыз же телефон чалыныз:

(0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;

Диспетчердик кызмат: 56-85-58;

Борбордук аймактагы ички үй тармактары боюнча нөөмөтчү инженерлери:

36-57-19, 30-07-67;

Түштүк аймактагы ички үй тармактары боюнча нөөмөтчү инженерлери:

51-06-22, 21-74-06.