> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонушат
- URL: https://im.kg/energetika/2024/03/20/75-mindien-ashuun-az-kamsyz-bolghon-ui-bulolor-eliektr-enierghiiasyn-zhienildietilghien-tarif-mienien-koldonushat/
- Published: 2024-03-20T11:10:58.000Z
- Updated: 2024-03-20T11:10:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдан тартып электр энергиясын айына 700 кВт саатка чейин керектелген учурда 1 кВт саатына 50,0 тыйын жеңилдик каралган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.**

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата 75 189 аз камсыз болгон үй-бүлө жеңилдетилген тарифтер менен пайдаланат, бул "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алуучулардын 91,2% түзөт.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына болгон жеңилдикти албагандыгынын негизги себептери: үй-бүлөлөр батирде жашагандыгына байланыштуу, электр энергиясына болгон жеке эсептик счётчиктеринин жоктугу, дача аймактарында жашагандар (кызыл китебинин жоктугуна байланыштуу), өндүрүштүк жайларда жана ошондой эле электр жарыгы жок жашаган үй-бүлөлөр кездешет (кашар, электр зымдары тартыла элек курулуштарда жашагандар, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө жашагандар).