> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/06/okmot-kalkty-eliektr-enierghiiasyn-unomdoogho-chakyrdy/
- Published: 2025-10-06T09:23:54.000Z
- Updated: 2025-10-06T09:23:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөргөндө билдирди.**

Адылбек Касымалиев өлкө боюнча бардык ГЭСтердин абалы жана кышка карата даярдыктары туурасында маалыматтарды угуп, быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, 4 гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөрүн кошумчалады.

Ошентсе да, Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киргенче, электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы белгиленди.