> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электр тартыштыгы элди кыйнабайбы?
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/08/eliektr-tartyshtyghy-eldi-kyinabaiby/
- Published: 2025-10-08T10:06:48.000Z
- Updated: 2025-10-08T10:19:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Жай мезгилиндеги кургакчылыктан жана электр энергиясын керектөөнүн өскөнүнөн улам Токтогул суу сактагычында быйыл былтыркыдан суу 1,6 млрд кубга аз топтолгону белгилүү болду.** 

> Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде: “Эң кыйын мезгил 2025-2026-жылдар. Себеби мурдагы жылдарга караганда суунун көлөмүнүн аздыгы 1,6 млрд куб болууда. Бул деген 1,6 млрд кВт/саат аз иштетилет дегенди билдирет. Жаратылышка эч нерсе кыла албайт экенбиз, былтыр 107% жаан-чачын болсо, быйыл 92% эле болду. Муну биз эле эмес, ошол эле Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан – баары тең сезип жатат”,- деп билдирген. 

Министр кышында чыңалуу жогору болсо көмөк чордондор менен чубалгыларга күч келип, авариялык өчүүлөр болушу мүмкүндүгүн эскертүүдө. Ошондой эле ал кыштан чыгуу үчүн Түркмөнстан менен Орусиядан 4,3 млрд кВт/саат электр энергиясы сатылып алынарын айткан.

Адистер быйыл Кыргызстан жеткиликтүү электр энергиясын иштеп чыга албагандыктан электр тартмагы калкты толук камсыздай албасын айтышууда.