> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул ГЭСинин модернизациясы 94%га бүткөрүлдү
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/08/toktoghul-gesinin-modiernizatsiiasy-94-gha-butkoruldu/
- Published: 2025-10-08T05:58:04.000Z
- Updated: 2025-10-08T05:58:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Коом

**Токтогул ГЭСин модернизациялоо жана реабилитациялоо иштери 94%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, учурда станциянын акыркы гидроагрегатын жаңылоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Аны ушул жылдын ноябрь айында ишке киргизүү пландалууда. Жалпысынан долбоор үч этап менен ишке ашырылып жатат.

Биринчиси – гидромеханикалык жабдууларды жаңылоо. Экинчиси – гидроагрегаттарды толугу менен алмаштыруу, ал эми үчүнчүсү – плотинанын абалын көзөмөлдөөчү заманбап мониторинг системасын орнотуу. Мындан сырткары, өрт коопсуздугу, жарыктандыруу жана дренаж системалары жаңыртылууда.

Министрликтин маалыматына караганда, бул иштердин жыйынтыгында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу азыркы 1200 МВттан 1440 МВтка чейин жогорулап, өндуруштүк мүмкунчүлүгү кеңейет. Станция энергетикалык коопсуздукту камсыздоодогу негизги объект катары ишин улантат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/1-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/3.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/2.webp)