> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕРӨБ Камбар-Ата ГЭС-1 курулушуна катышууну активдештирет
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/10/ierob-kambar-ata-ges-1-kurulushuna-katyshuunu-aktivdieshtiriet/
- Published: 2025-10-10T04:00:34.000Z
- Updated: 2025-10-10T04:00:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Европа реконстуркциялоо жана өнүктүрүү банкы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунда өзүнүн катышуусун активдештирерин банктын маалымат кызматы билдирди.** 

> Бул долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин үч тараптуу бирдиктүү ишканасы катары ишке ашырылып жатат. “Станция жалпы кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон 4 турбина менен жабдылып, жылына 5,6 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Ошондой эле ал бир кыйла жерлерди иштетүүгө жардам берет”,-делет маалыматта. 

Өз ара түшүнүнүшүү меморандумуна ЕРӨБ президенти Одиль Рено-Бассо, банктын Борбор Азия боюнча директору Хусейн Озхан, Туруктуу инфраструктура тобунун башкаруучу директору Гарри Бойд-Карпентер жана Казакстан, Кыргнызстан, Өзбекстан энергетика министрлери катышышты. 

> Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун баасы 3,5 млрд доллар. Техникалык тапшырмага ылайык негизги курулуш иштерин министрлик 2027-жылы баштап, 2035-жылы эксплуатациялоого берүүнү пландаштырып жатат. Акыркы жылдарда ГЭС курулуучу жерде жолдорду, көпүрөлөрдү, подстанцияларды жана башка курулуштарды куруу үчүн даярдоо иштери жүргүзүлүп келе жатат.