> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жети-Өгүздө электр тармагын модернизациялоо иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/10/zhieti-oghuzdo-eliektr-tarmaghyn-modiernizatsiialoo-ishtieri-zhuruudo/
- Published: 2025-10-10T03:59:56.000Z
- Updated: 2025-10-10T03:59:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Жыл башынан тарта Жети-Өгүз районунда электр тармагын жаңылоо жана кызмат сапатын жакшыртуу боюнча "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ири иштерди аткарууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.** 

Жети-Өгүз району боюнча 2025-жылдын башынан бери төмөнкү иштер ишке ашырылды:

- 242 даана трансформатор жана 387 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү;
- 34 трансформатор жана 39 чакырым зым капиталдык оңдоодон өттү;
- 4,5 чакырым алюминий зымдар СИП зымдарга алмаштырылды, октябрдын аягына чейин дагы 5,5 чакырымга СИП зымдары тартылат;
- 335 жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
- 130 чакырым трасса боюндагы бутактарды кыюу жана бактарды тазалоо иштери аткарылды;
- 3 жаңы көмөк чордондун экөөсү орнотулду, бири октябрда ишке берилет;
- 4 көмөк чордондо кубаттуулук жогорулатылды;
- 18 000 акылдуу эсептегичтин 9000и орнотулду, жыл аягына чейин толук орнотулаары пландалууда.

Жети-Өгүз РЭТи учурда 23 497 абонентке кызмат көрсөтүп, 1 407,5 чакырым зым жана 622 трансформаторду тейлейт.

Техникалык иштер учурунда кээ бир аймактарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн.

> Толук маалымат алуу үчүн Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын расмий сайтына жана «Мой свет» мобилдик тиркемесине кайрылыңыздар.

> Суроолор боюнча төмөнкү байланыш номерлери күнү-түнү жеткиликтүү:  
> 105, 1209, 0772 001 209, 0702 001 209, 0556 001 209.