> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Кемин” көмөк чордонунда оңдоо иштери 95%га аяктады
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/14/kiemin-komok-chordonunda-ondoo-ishtieri-95-gha-aiaktady/
- Published: 2025-10-14T09:58:17.000Z
- Updated: 2025-10-14T09:58:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, 2025–2026-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында энергетика тармагында оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жайгашкан өлкөдөгү эң ири 4 көмөкичордондун бири 500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга аяктады.

> Чүй электр тармактар ишканасы маалымдагандай, июнь айында 1-автотрансформатор оңдолгон. Октябрда 2-автотрансформатор жана 500 кВ реактор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле 220 кВ тараптан 12 уяча оңдолду. Калган иштер 1-ноябрга чейин бүткөрүлөт.

Оңдоо иштери жүрүп жатканда саат 09:00–17:00 аралыгында электр жарыгы убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн. Так маалыматтар chupes.nesk.kg сайтында жана “Мой свет” тиркемеси, социалдык тармактар аркылуу жарыяланат.

Суроолор боюнча байланыш номерлери: 105, 1209, WhatsApp: 0772 001 209, 0556 001 209, 0702 001 209.

Чүй электр тармактар ишканасы жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.