> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлиги Камбарата-1 боюнча экинчи коомдук талкууну уюштурду
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/15/enierghietika-ministrlighi-kambarata-1-boiuncha-ekinchi-koomduk-talkuunu-uiushturdu/
- Published: 2025-10-15T04:26:55.000Z
- Updated: 2025-10-15T04:26:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**6–10-октябрында Камбарата-1 ГЭСинин долбооруна кирген Атай (Тогуз-Торо), Сары-Камыш, Иманалиев жана Толук (Токтогул) айыл аймактарында экинчи айлампада коомдук талкуулар болуп өттү. Бул тууралуу Энергтика министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чарага 300гө жакын жергиликтүү тургун, дыйкандар, малчылар, коомдук лидерлер, айымдар жана адистер катышты. 

> Талкуунун негизги темалары — суу сактагычты толтуруудан улам жайыттардын кыскарышы, мал айдоо жолдорунун бузулушу, жумушка тартуу мүмкүнчүлүктөрү, жолдорду, мектептерди жана саламаттык сактоо объектилерин жакшыртуу зарылдыгы болду.

Айымдар өзүнчө сессияларда кирешеге тийгизе турган таасирлерди жана кесиптик даярдоону талкуулашты.

Катышуучуларга даттанууларды кабыл алуу механизми — WhatsApp топтору, Энергетика министрлигинин жана Камбарата-1 ГЭСинин сайттары аркылуу кайрылуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Энергетика министрлиги алынган сунуштар документтердин финалдык версиясында эске алынарын, кошумча жолугушуулар өтөөрүн билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/21e179e3c977418d9838132f33a0bd07.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/41ec702babcd4d84a5a0830bb467d633.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/a950d5af71174fea84b0d3c9d7382da0.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/03eae7cd4edb45cbbe5dc471af962a0a.webp)