> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Орто-Токой ГЭСинин курулушу пландалган тартипте уланууда
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/17/orto-tokoi-gesinin-kurulushu-plandalghan-tartiptie-ulanuuda/
- Published: 2025-10-17T11:13:16.000Z
- Updated: 2025-10-17T11:13:16.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Энергетика министринин орун басары Назгүл Үсөнова кайра жаралуучу энергия боюнча адистер менен бирге «Чакан ГЭС» ААКсынын бир катар объектилерин текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Алар Чакан ГЭСтин жана Быстровская ГЭСтин электр кубаттоочу станцияларын, ошондой эле ГЭС-5тин бассейнинде жайгашкан калкып туруучу күн электр станциясын көрүп чыгышты.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация Орто-Токой ГЭСинин курулуш аянтчасына барып, иштер бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын, сапат жана коопсуздук талаптары сакталып жатканын көрдү.

> Назгүл Үсөнова өлкөдө салттуу жана жаңылануучу энергияны өнүктүрүү, заманбап технологияларды колдонуу жана ресурстарды үнөмдүү пайдалануу – энергетика тармагындагы негизги багыттар экенин белгиледи.

Орто-Токой ГЭСинин пландалган кубаттуулугу – 21 МВт. Долбоор өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын күчөтүүгө чоң салым кошот.