> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кемин" көмөк чордону кышкы сезонго даяр
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/21/kiemin-komok-chordonu-kyshky-siezongho-daiar/
- Published: 2025-10-21T05:52:46.000Z
- Updated: 2025-10-21T05:52:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Чүй облусундагы эң ири 4 көмөкчордондун бири 500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга аяктаганын Чүй электр тармактары ишканасынын маалымат кызматы билдирди.**

> “Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан июнь айында 500/220/35 кВ «Кемин» көмөк чордонундагы 1-автотрансформатор оңдолсо, октябрь айында 2-автотрансформатор оңдоодон өткөрүлдү. Мындан тышкары 220 кВ тарабынан 12 даана уяча бөлүкчөлөрү менен техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. "Кемин" көмөк чордонундагы калган оңдоп-түзөө иштери 1-ноябрга чейин толугу менен аяктайт”,-делет маалыматта.

Эске салсак, “Кемин” көмөк чордону 2015-жылы “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү чубалгысы жана “Кемин” 500 кВ көмөк чордонун куруу долбоорунун алкагында курулуп, ишке берилген. Бул долбоордун максаты - Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу жана Жалал-Абад облусундагы ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясын түндүккө жеткирүү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/565194356_18080808272476120_8847563354142799734_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/565744080_18080808257476120_2982065003431083178_n.jpg)