> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таштандыны кайра иштетүүчү завод ноябрда иштей баштайт
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/21/untitled-192/
- Published: 2025-10-21T09:18:52.000Z
- Updated: 2025-10-21T10:01:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Бишкек шаарынын четиндеги санитардык полигонуна курулуп жаткан эко-технологиялык таштандыларды кайра иштетүүчү завод ноябрь айынын ортосунда ишке кирип, таштандынын биринчи партиясын кабыл аларын Бишкек мэриясы маалымдады.** 

Ишкана алгач таштандыларды кабыл алып, иргеп, кургатып күйгүзүүгөдаярдайт. 28-декабрда ишканада алгачкы жолу таштандылар өрттөлүп, андан өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармактарына келе баштайт. 

 Эске салсак, станция суткасына 460 мегаватт электр энергиясын иштеп чыгат, анын 410 мегаватты шаардын электр тармагына берилет.