> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда быйыл 281,2 миң тонна таш көмүр, 2,04 млн тонна күрөң көмүр өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/23/kyrghyzstanda-byiyl-281-2-min-tonna-tash-komu-2-04-mln-tonna-kuron-komur-onduruldu/
- Published: 2025-10-23T06:53:43.000Z
- Updated: 2025-10-23T10:00:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**2025-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда 281,2 миң тонна таш көмүр казылып алынганын жана бул көлөм былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 32%га аз экени статистикалык маалыматтарда көрсөтүлдү.** 

Ошол эле мезгилде күрөң көмүр өндүрүү 2,04 млн тоннага жетип былтыркыга караганда 23,7%га көп болгон. 

Адистердин айтымында, күрөң көмүрдү өндүрүү жылытуу сезонунун жакындап келатышына жана ички керектөөлөрдүн өсүп жатышына байланыштуу. 

Учурда Кара-Кече көмүр кенинде бир тонна көмүрдүн баасы 2 460 сом болсо, Бишкекте 5800 сомдон сатылып жатат. Мамлекет быйыл көмүрдүн баасын 6 600 сомдон ашырууга тыюу салган.