> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эки жарым жылда Кыргызстан электр энергиясын импорттобой калат
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/27/eki-zharym-zhylda-kyrghyzstan-eliektr-enierghiiasyn-importtoboi-kalat/
- Published: 2025-10-27T12:16:44.000Z
- Updated: 2025-10-27T12:16:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Саясат

**Президент Садыр Жапаров Кыргызстан эки жарым жылда электр энергиясын импорттобой каларын билдирди. Ал өлкө боюнча 40ка жакын ГЭС жана Кара-Кечеге курулуп баштаган жылуулук электр борбору толук бүтсө өлкөдөгү электр жарыгы жалпы керектөөнү жаба турганын белгиледи.**

“Алдыда тарыхый мааниге ээ болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Учурда биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууда бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Буюрса, бул долбоордун ишке ашуусу менен өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу түп-тамырынан өзгөрөт. Биз энергияны импорт кылган өлкөдөн кетип, экспорт кылган мамлекетке айланабыз”, - деди Президент.

Президент мамлекет бул тармакта инвесторлор менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, жергиликтүү ишкерлерди кызматташууга чакырды.

> Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын бир жылдык электр энергияны керектөөсү 18 млрд кВт/сааттан ашып, өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд кВт/сааттан ашып түшөт. Ушундан улам Кыргызстан ортодогу электр тартыштыгын Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Орусиядан электр жарыгы менен жабат.