> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда Кара-Көл ГЭСи расмий ачылды
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/27/zhielal-abadda-kara-kol-gesi-rasmii-achyldy/
- Published: 2025-10-27T10:36:45.000Z
- Updated: 2025-10-27T10:37:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Саясат

**Бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында курулган Кара-Көл ГЭСи расмий ачылды.** 

Жалпы кубаттуулугу 18 МВт болгон эки гидроэлектростанциянын жылдык орточо өндүрүүсү 104 млн кВт/саатты түзөт. Адистердин айтымында бул өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын болжол менен 2,5%га азайтууга жана мүмкүндүк берет.

Долбоор ата мекендик “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан 25 млн долларга ишке ашырылганжана ГЭС 15 жылдык пайдалануудан кийин мамлекетке өткөрүлүп берилет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/photo_54742330_DXHyGy0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.png)

Президенттин айтымында, 2023-жылы Энергетика министрлиги инвестициялык макулдашууну сунуштап, аны Министрлер Кабинети жактырып, бекитип берген. Ошол эле жылдын сентябрь айында аталган ГЭСтин курулушу башталган. План боюнча Кара-Көл ГЭСи 2026-жылдын биринчи кварталында курулуп бүтмөк, бирок, иштин ылдамдашы менен ал мөөнөтүнөн эрте бүткөн.