> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте калдыктардан электр энергиясын өндүргөн эко-завод ачылат
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/29/bishkiektie-kaldyktardan-eliektr-enierghiiasyn-ondurghon-eko-zavod-achylat/
- Published: 2025-10-29T05:41:00.000Z
- Updated: 2025-10-29T05:41:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы астында "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасында жыйын өттү.** 

Мэриядан билдиришкендей, жыйында катуу калдыктарды утилдештирүү жана андан электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-заводду ишке киргизүү маселелерине талкууланды. Курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү жана даярдык иштери каралды.

Иш-чарага мэриянын, тиешелүү министрликтердин, райондук жана муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү катышты. Заводдун ишке кириши Бишкек шаарын таза кармоого жана туруктуу электр энергиясын өндүрүүгө салым кошот.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-----------18.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-----------3-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/----------2-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/----------4-.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/----------5.jpeg)