> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Самарканддагы энергетикалык комплексти Япония банктары каржылайт
- URL: https://im.kg/energetika/2025/10/29/samarkanddaghy-enierghietikalyk-komplieksti-iaponiia-banktary-karzhylait/
- Published: 2025-10-29T11:54:55.000Z
- Updated: 2025-10-29T11:54:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Өзбекстандын Самарканд облусундагы жалпы наркы 1,45 млрд долларды түзгөн эки заманбап энергетикалык комплекстин курулушун Япониянын ири банктары каржылаары маалым болду.** 

> Аталган облустун акимиятынын маалыматына ылайык, жаңы комплекстердин жалпы кубаттуулугу 1000 мегаваттка жетет. Бул Өзбекстандын энергетикалык тең салмактуулугун сактоого багытталган маанилүү кадам экенин адистер айтышууда.

> Каржылоонун 635 млн долларын Япониянын Эл аралык кызматташтык банкы (JBIC) бөлөт. Мындан тышкары, долбоорго Япониянын ири жеке каржы институттары — Sumitomo Mitsui Banking Corp. жана Norinchukin Bank да катышууда.

Долбоордун тобокелдиктери Япониянын экспорттук-инвестициялык камсыздандыруу уюму NEXI тарабынан камсыздалат.